Жогорку Сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону 20-декабрга жылдырды. Буга айыпталуучу Аскаров баштаган сегиз адамдын айрымдарынын адвокаттарынын бүгүнкү жыйынга келбей калганы себеп болду. Кабарчыбыздын маалымдышынча, жабырлануучу тарап муну сот процессин атайылап создуктуруу катары баалап, эгер сот өкүмү өзгөрсө ири нааразылык акциялар уюштурулаарын эскертишүүдө. Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов буга сот күнөөлүү экенин, анткени адвокаттарга кабарлоо жетпей калганын айтып чыкты.
Аскаров баштаган сегиз адам былтыр июнь каргашасында Базар-Коргондо массалык башаламандык уюштуруп, адам өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып жатат. Буга чейин ишти караган райондук жана облустук сот укук коргоочуну өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган болчу. (RK)