Кыргызстандын жаңы президентинин инаугурациясын чагылдырууга расмий каттоодон өткөн журналисттердин саны 90го жетти. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Алардын 15ке жакыны чет элдин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү. 30-октябрдагы шайлоодо уткан Алмазбек Атамбаевдин кызматка киришүүсүнө арналган расмий иш-чара 1-декабрда Улуттук филармонияда өтөт. (RK)