Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Отунбаева жасаган ишине канааттанаарын айтты


Мөөнөтү аяктап кызматтан кетип жаткан президент Роза Отунбаева бүгүн жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Өзү башкарган 1 жыл 8 айдын ичинде бир топ кыйынчылыктар болгонун, бирок ага карабай алдыга коюлган максаттар негизинен ишке ашып, өлкө демократиялык, мыйзамдуу жолго түшө алганын айтты. Өлкө багыт алган бул жолду улаган жаңы президент келди деген ишеничин билдирди.

Отунбаева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, кызматтан кеткенден кийин бир аз эс алаарын, андан кийин чакыруулардын негизинде айрым дүйнө өлкөлөрүн кыдырып, Кыргызстандын жетишкендиктерин даңазалап, өлкөнү жакшы жактан таанытуу озуйпасын аткараарын маалымдады. Парламентте талкууланып жаткан президент тууралуу мыйзам кабыл алынса, анда мурунку мамлекет башчыга бериле турган шарттарга ыраазы болоорун, резиденцияда жашай турганын айтты.

Президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, ал мыйзамга ылайык экс-президенттин айлыгынын 75 пайызы сакталат, мамлекеттик күзөттүн кайтаруусунда болуп, резиденцияда жашайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG