Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

Отунбаева: Ажылык иште Каптагаевдин күнөөсү жок


Былтыркы ажылык сапар боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Кылмыш ишинин чегинде бир ирандык жана алты кыргызстандык жаран шылуундук кылды, документ жасады, ээлеген кызматынан кыянат пайдаланды деп айыпталууда. Бул тууралуу президент Роза Отунбаева Коопсуздук Комитетинин расмий маалыматына таянып билдирди.

Ошондой эле президент администрация башчысы Эмилбек Каптагаевдин өзүнө кылмыш иши ачылбаганын, уулу Кубаныч Каптагаевге таандык кылмыш иши күнөөсү далилденген жок деген негиз менен жабылганын билдирди. Отунбаева өзүнүн аппарат башчысын калкалабагандыгын, Жогорку Кеңеш аны иштен алууну шарттаган далилдерди келбирбегендигин, мындай токтомду аткарууга милдеттүү эместигин кошумчалады.
Эмилбек Каптагаевдин тиешеси бар деп саналып келген былтыркы ажылык сапарга байланышкан коррупциялык аракеттерди териштирүүнү президент өз көзөмөлүнө алган.
Жогорку Кеңеш аппарат башчыны кызматтан алуу сунушу киргизилген токтомду президентке сунуш кылган. Изи чыкпай калган миллиондогон акчалардын айланасындагы бул чуулгандуу ишти “Азаттык” да иликтеген. (BuS/EBM)

XS
SM
MD
LG