Косовонун түндүгүндө сербдер жолдорду жаап алганынан улам чыккан кагылыш учурунда жергиликтүү сербдер да жарадар болгон.
Косоводогу НАТО баштаган күчтөрдүн өкүлүнүн билдиргенине караганда, алардын эки аскер кызматчысы сербдер тарабынан ок жеген. Жаракат алгандардын арасында германиялык, австриялык жоокерлер бар.
НАТОнун күчтөрү жолго коюлган тосмолордун алынышына жолтоо жасоого аракеттенген сербдерди таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, желим окторду, суу бүркүгүчтөрдү колдонгон.
Сербдер болсо НАТО аскерлерине кол салууда жардыруучу заттарды, май куюлган бөтөлкөлөрдү пайдаланган. Сербиядан түшкөн кабарларда кагылыш учурунда жабыркаган ондогон сербдер медициналык жардам сурап кайрылганы айтылат.
Косовонун түндүгүн байырлаган жана серб өкмөтү колдогон сербдер Косовонун албан жетекчилигинин 2008-жылы жарыяланган Көз карандысыздык декларациясын азыркыга чейин четке кагып келүүдө. Косовонун көз карандысыздыгы азыркыга чейин 85 өлкө, анын ичинде АКШ жана Евробиримдиктин көпчүлүк мамлекеттери тарабынан таанылган.