Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Сталиндин кызы АКШда каза тапты


Советтик диктатор Иосиф Сталиндин жалгыз кызы 85 жаш курагында 22-ноябрда каза тапканын АКШнын Висконсин штатынын бийликтери кабарлашты. Анын төрөлгөндөгү ысымы Светлана Сталина жана АКШга 1967-жылы Кансыз согуш учурунда качып кетип, атасын жана Советтер союзундагы коммунисттик бийликти жээриген. Өз жашоосу жөнүндө эки мемуар жазып, алар АКШ эң көп сатылган китептерге айланган.

1970-жылы Уильям Петерс ысымдуу адамга баш кошкондо, ысымын Лана Петерс кылып өзгөрткөн. Ал жалпысынан төрт ирет үй-бүлө куруп, үч балалуу болгон. 1984-жылы Советтер союзуна кайтып келип, бирок бир жылдан кийин кайра АКШга кетип калган.

XS
SM
MD
LG