Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Парламенттин кезексиз жыйынына президент катышат


Жогорку Кеңеш эртең кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти. Жыйында президент Роза Отунбаева депутаттардын алдында жалпы элге кайрылуу жасайт. Ал эми бейшемби күнү Жогорку Кеңеш депутаттары жаңыдан шайланып келген президенттин ант берүү аземине катышышат. Парламенттин кийинки отуруму жаңы регламентине ылайык, келерки жуманын шаршемби күнү болот. Бул боюнча бүгүн парламенттин координациялык кеңешмесинде айтылды. Шайланган президент Алмазбек Атамбаевге президенттик кызматты Роза Отунбаева 1-декабрда өткөрүп берет. (RK)

XS
SM
MD
LG