Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Ирандык демонстранттар элчиликтин аймагына кирип барышты


Лондондун Тегеранга киргизген жаңы санкцияларына каршы өткөн демонстрация учурунда британ элчилигинин аймагына кирип барган ирандыктар тобу имараттын айнектерин күбүп, британ желегин өрттөштү.

Мамлекеттик “Пресс ТВ” каналы адамдар таш жана барактарды ыргытып жаткан сюжеттерди көрсөттү. Мындай аракеттер Ирандын жарак-жабдыкчан полициясы унчукпастан байкоо салып турган кезде болгон.

Кийинчерээк “Фарс” жаңылыктар агенттиги полиция күчтөрү демонстранттарды элчиликтин короосунан чыгарууга аракеттенгенин кабарлады.

Элчиликтин сыртына жыйналган бир нече жүз демонстрант “Британияга өлүм” деп кыйкырышып, британ элчиси өлкөдөн дароо кетишин талап кылышты.

Бүгүнкү демонстрация Иран эки апта ичинде британ элчисин өлкөдөн чыгарууну караган мыйзам кабыл алгандын эртеси болуп отурат.

Тегеран мындай чараны Британиянын Ирандын каржы сектору менен бардык алаканы токтотууну караган санкциясына жооп иретинде көрүүдө.

XS
SM
MD
LG