Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Исландиянын депутаттары Палестина мамлекетин таануу үчүн добуш беришти


Исландиянын парламенти кечээ Палестина автономиясынын аймагын көз карандысыз мамлекет деп таанууну колдоду. Бул үчүн 63 депутаттын 38зи добушун берди, 13чү калыс калды, 12 депутат добуш берүүгө катышпай калды.

Бул аракет Палестин мамлекетин 1967-жылдагы алты күндүк согушка чейинки чек аранын негизинде таанууга жол ачат. Ошентип, Исландия палестин аймагын мамлекет деп таануу идеясын көтөрүп чыккан Европадагы алгачкы өлкө болуп калды.

Автономиянын башчысы Махмуд Аббас 23-сентябрда Палестина мамлекетин таануу жөнүндө арыз менен Бириккен Улуттар уюмуна кайрылган. АКШ менен Израил Палестинанын мындай статуска ээ болуш мүмкүнчүлүгү израил-палестин сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечиле турган маселе деп, анын Улуттар уюмуна мүчөлүк алышына каршы болуп келишет.

XS
SM
MD
LG