Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Майкл Жексондун дарыгери төрт жылга түрмөгө кесилди


Ырчынын мурдагы жеке дарыгери Конрад Мюррей “атайылап болбосо да, кокусунан ырчыны өлтүрүп алган” деп табылып, кечээ төрт жылга эркинен ажыратылды.

Лос-Анжелесте сот Майкл Пастор өкүмдү окуп жатып: "Эксперименталдык медицинага жол жок, - деди. - Майкл Жексон эксперимент болуп калды. Ырчы өзү ага катышканга макул болгону доктор Мюррейдин күнөөсүн эч кемитпейт. Ал башкалардай эле буга катышпайм деп ачык айтышы керек эле".

Мындан мурдараак сот Мюррейди уйкусун жоготкон Жексонго 2009-жылдын 25-июнунда күчтүү уйку даарысынан ашыра бергендиги үчүн күнөөлүү деп тапкан. Тергөөдө аныкталгандай, ал дары берилгенде адатта сакталышы зарыл болгон коопсуздук чаралары көрүлгөн эмес. Натыйжада ырчы көз жумган.

XS
SM
MD
LG