Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Д.Камерон Иранда британ элчилигине чабуулдун “кесепети оор болот” деди


Демонстранттар Тегерандагы британ элчилигинде Британиянын желегин өрттөп салышты, 29-ноябрь, 2011
Демонстранттар Тегерандагы британ элчилигинде Британиянын желегин өрттөп салышты, 29-ноябрь, 2011
Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон кечээ Тегерандын ар кайсыл райондорунда британ элчилигинин имараттарын жаалданган митингчилерден коргой албаган иран бийликтерин айыптады жана муну “уят иш” катары сыпаттады. “Британия жакын арада буга кандай жооп кайтараарын билдирет”, - деди премьер.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кечээги чабуулду кескин айыптай турганын айткан. АКШнын президенти Барак Обама Иран бийлигине кайрылып, чабуулга катыштыгы бар адамдарды жазага тартууга чакырды.

Британия Иранга каршы киргизген экономикалык санкцияга жаалданган жаштар кечээ Тегеранда британ элчилигинин бир топ имараттарына чабуул койгон. Алар Британиянын желегин өрттөп, оордуна Ирандыкын илип коюшкан болчу.

XS
SM
MD
LG