Коомдук сектордо иштеген эки миллиондой адам өкмөттүн пенсия реформасына нааразылык иретинде бүгүн жумушка чыкпайт деп күтүлүүдө. Профсоюздардан кабарлашкандай, чек ара агенттиктеринин кызматкерлери, мугалимдер, таштанды чогулткандар, өрт өчүрүүчүлөр жана башка коомдук сектордун кызматкерлеринен адамдар 24 саат бою ишке чыкпай турганын айтышкан. Мунун айынан бүгүн көптөгөн жерлерде мектептер жабылып, аэропорттордун ишинде үзгүлтүк болушу мүмкүн.
Өкмөттүн пенсия реформасына ылайык, адамдар пенсияга чыгыш үчүн мурдагыдан көбүрөөк төлөм кошушу керек жана мурдагыдан узагыраак иштеши зарыл. Коомдук кызматтагылардын пенсиясын азыркыдай деңгээлде өкмөт мындан ары көтөрө албай турганын айтып, реформа зарылдыгын билдирүүдө. Мамлекеттин премьери Дэвид Камерон иш таштоону уюштуруп жаткандарды айыптап, муну “жоопкерсиздик” деп атады жана профсоюздарды сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды.