Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Авиакырсыкта жабыркагандарга компенсация толук төлөнө элек


Мындан үч жыл мурда Бишкектин четинде болгон авиакырсыкта жапа чеккендерге каржылык жардам али күнчө толук төлөнүп бериле элек. Бул тууралуу 29-ноябрда Жогорку Кеңештин транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Ал эми кырсыкка күнөөлүү деп аталган авиакомпанияга камсыздандыруу түрүндө 9 миллион доллар төлөнүп берилген. Жыйында бул кырсык боюнча кылмыш ишин кайрадан иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу керектиги айтылды.

2008-жылдын август айында «Itek Air» авиакомпаниясына таандык учак Бишкектен Тегеранга учаар замат күйүп кеткен. Ичиндеги 90 адамдын 67си каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG