Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Отунбаева кийинки президенттин милдеттерин айтты


Кыргызстандын калкына жана Жогорку Кеңешине кайрылып сүйлөгөн сөзүндө бүгүн президент Роза Отунбаева кийинки президенттер эмнеден сак болуп, кайсы милдеттерди аткарууга тийиш экенин айтты.

Отунбаеванын айтымында, кийинки президенттердин милдети Конституцияга баш ийип, мөөнөтү бүткөндөн кийин элге жаңы президентти тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү болуп эсептелет.

"Эки президентин кууп чыгып, 6 референдумду жана Конституциянын 8 өзгөртүүсүн, эки революцияны жана түштүктө этностор аралык кагылышууга түрткөн чагымчылыкты башынан өткөргөн Кыргызстан өз алдынча башкаруунун рецепттерин иштеп чыга алды", - деди президент.

Биринчиси, эл менен эсептешпей коюу болбойт экенин, экинчиден, эч ким бийликти менчиктеп алганга акысы жоктугун, үчүнчүдөн, элге берген убадасын так аткарып, төртүнчүдөн, коркутуп, күч колдонууга жол бербеш керектигин кийинки президенттер ар дайым эске алып жүрүшү керек.

Бүгүн Роза Отунбаеванын Кыргызстандын президентинин кызматындагы акыркы күнү. Эртең ал кызматын 30-октябрдагы шайлоону жеңген Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берет. (RK)

XS
SM
MD
LG