Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Кыз ала качууга каршы күрөш жылын жарыялоо сунушталды


Келерки жылды Кыргызстанда кыз ала качууга жана жалпы эле зордук-зомбулукка каршы күрөшүү жылы деп жарыялоо керек. Мындай сунушун бүгүн Бишкекте кыз ала качуу маселесине арналган "тегерек үстөл" жыйынында акыйкатчы Турсунбек Акун айтты. Акыйкатчынын билдиришинче, көпчүлүк жаштар кыз ала качуунун кесепети кандай болоорун, мыйзамда бул кылмыш деп эсептелип, жазалоо чаралары бар экенин билишпейт. Бир күндө бир эле жигит үч жолу кыз ала качкан учурлар да болгон. Талкууга эл аралык эксперттер, укук коргоочулар, кризистик борборлордун адистери, ала качуудан өз жанын кыйган кыздардын жакындары катышып жатышат. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG