Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы президент Роза Отунбаеваны Нобел сыйлыгына көрсөттү. Мындай чечим 29-ноябрда кабыл алынды. Анда Отунбаева 2010-жылдын апрел айында Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруунун жок кылынышына алып келген революциянын лидери болгону, ал революция Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы азыркыга чейин уланып жаткан демократиялык өзгөрүүлөргө түрткү болгону айтылат. Сыйлыкты Отунбаевага келерки жылы тапшыруу сунушу Норвегиядагы Нобел комитетине жөнөтүлдү. (RK)