Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Ошто майыптарга акчалай жардам көрсөтүлөт


Ош шаардык мэриясы ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарга акчалай жардам көрсөтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаар бийлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2-декабрда вице-мэр Дастан Ходжаев эмгекке жарамсыз жарандардын үйлөрүнө барып абалы менен таанышат. Акчалай жана материалдык жардам берилет. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 350 миң сом каралган. Шаар бийлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Ош шаарынын өзүндө эле 6 305 майып жашайт. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG