Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Казакстан “Жунд ал-Халифа” уюмуна тыйуу салды


Казакстанда “Жунд ал-Халифа”(Халифат сарбаздары) уюмунун ишмердүүлүгүнө тыйуу салды. Интернетте жарыяланган видеотасмада “Халифат сарбаздары” 31-октябрда Атырау жана 12-ноябрда Тараз шаарларында болгон жардырууларды уюштурганын билдирген. Тараздагы калабада беш полициячы, эки жолоочу окко учкан. Казакстандын башкы прокурорлугу Тараздагы аткылашууга байланыштуу алты киши кармалганын маалымдады.

Быйыл майдан тарта бир нече ислам уюшмасы Казак өкмөтүн коркуткан катттарды жарыялады. “Казак мужахиддини” деген топ өткөн аптада Интернетке жайгаштырган видеотасмада бетин чүмбөттөп алган куралчандардын тобу казакстандык мусулмандарды жихадка чакырат.

XS
SM
MD
LG