Британия Тегерандагы элчилигинин айрым кызматкерлерин чыгарып кетет. Ырасмий Лондон мындай кадамга Ирандагы элчиканасына шейшемби күнү жасалган чабуулдан улам барууда. Кол салгандар элчикананын терезелерин сындырып, автомобилдерин коңторуп, британ желектерин өрттөшкөн. Кол салуу Британия Ирандын атомдук программасына каршы санкция жарыялагандан кийин болду. Батыш мамлекеттери Иран ядролук курал жасоодо деп санайт. Иран программа тынчтык гана максатын көздөгөнүн ырастап келет. БУУ британ элчилигине кол салууну сындады.