Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Британияда соңку 30 жылдагы эң чоң иш таштоо башталды


Британияда мамлекеттик кызматкерлер өкмөттүн пенсия системасын реформалоо планына каршы иш таштоо өткөрүшүүдө. Профсоюздардын билдиришинче, демонстрацияга мугалимдер, дарыгерлер, кызматчылар, авиадиспетчерлер, таштанды чогулткучтар, өрт өчүрүүчүлөр жана башка жумуштагылар болуп, 2 миллиондой адам катышууда. 24 саттык иш таштоо Британияда акыркы 30 жылдагы эң чоң нааразылык акциясы. Профсоюздардын айтымында, пландалган реформа пенсиялык төлөм үчүн көп акча чегерүүгө жана пенсияга чыгардын алдында көп иштөөгө мажбурлайт. Өкмөт адамдардын өмүрү узаргандыктан, азыркы пенсия фонду аларды каржылоого жетпесин айтууда. Премьер-министр Дэвид Камерон иш таштоону “жоопкерсиздик” деп атап, профсоюздарды сүйлөшүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG