Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Вена жыйыны "жашыл ыңкылапты" тездетүүнү колдоду


Бүгүн Вена шаарында "Европадагы жана жаңы эгемен мамлекеттер аймагындагы туруктуу болочокту камсыздоо үчүн инновациячыл өнөр жай тармактарын жана технологияларды жигердүү колдоо" деген темада тегерек үстөлдөгү талкуу болду.

Бириккен Улуттар уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү агенттиги (ЮНИДО) уюштурган талкууга ар кыл мамлекеттердин өкүлдөрү, ишкерлер жана илимпоздор катышты. ЮНИДОнун Башкы деректири Кандэ К.Юмкелла ар тараптуу эл аралык кызматташтыкты чыңдоо менен өнөр жайдагы "жашыл ыңкылапты" жүзөгө ашыруу зарылдыгын айтты.

Талкуу катышуучулары чарбага жана айлана-чөйрөгө жаңычыл, сарамжалдуу жана илимий мамиле талап кылынган бул багытта сөз менен чектелбей, чукул арада чыныгы иш-аракетке өтүшү керектиги баса белгилешти.

Бул талкуу ЮНИДОнун Жалпы жыйынынын 14-отурумунун алкагында өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG