Британияда пенсия системасын реформалоого каршы иш таштоо өтүүдө. Профсоюздардын билдиришинче, демонстрацияга мугалимдер, дарыгерлер, кызматчылар, авиадиспетчерлер, өрт өчүрүүчүлөр жана башка кызматчылар болуп, 2 миллиондой адам катышууда. 24 сааттык иш таштоо Британияда акыркы 30 жылдагы эң чоң нааразылык акциясы. Кесиптик кошуундун айтымында, Англияда ар бир онунчу мектеп гана иштөөдө; ооруканаларда зарыл адистер гана тейлөөдө.
Профсоюздар пландалган реформа пенсиялык төлөм үчүн көп акча чегерүүгө жана пенсияга чыгардын алдында көп иштөөгө мажбурлайт дешет. Өкмөт адамдардын өмүрү узаргандыктан азыркы пенсия фонду аларды каржылоого жетпесин айтууда. Премьер-министр Дэвид Камерон иш таштоону “жоопкерсиздик” деп атап, профсоюздарды сүйлөшүүгө чакырды.