Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Апрель элдик революциясынын 99 баатыры аныкталды


Кетип жаткан президент Роза Отунбаева өзүнүн жардыгы менен Бириккен Элдик Кыймылдын 99 мүчөсүнө “Апрель элдик революциясынын баатыры” төш белгиси менен сыйлады. Жардыктын түшүндүрмөсүндө белгиленге караганда мындай наамд 2010-жылы 6-7-апрелде элге каршы, коррупциялашкан бийликти кулатууга кошкон өзгөчө салымын белгилөө максатында ыйгарылды.
Курманбек Бакиев башкарган бийликтин жүргүзгөн мамлекеттик саясатына каршы чыккан күчтөр 2009-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Бириккен Элдик Кыймыл түзүшкөн. Кыймылдын башында Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Исмаил Исаков баштаган жоон топ саясатчылар турушкан. Апрелден кийин бийликке келген бул саясатчылар кыймыл өзүнүн тарыхый милдетин өтөп бүттү деп жарыялашкан.(BuS)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG