Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:27

Отунбаева: Бул күн биз үчүн өтө кымбат!


"Бул күн биз үчүн өтө кымбат! Анткени биз өлкөбүздүн келечеги үчүн чоң сабак, саясий үлгү көрсөттүк", - деди президенттик кызматын өткөрүп берип жатып Кыргызстандын өткөөл мезгилинин президенти Роза Отунбаева. Ал ушул саясий салт мындан ары да улана берет деген терең ишенимин билдирди. Отунбаева ошондой эле:

"Биз дүйнөлүк коомчулукка өз жолубузду өзүбүз тандап, өз тагдырыбызга өзүбүз жооп бер ала турган, өз эркиндигин жогору баалаган уюткулуу эл экендигибизди көрсөттүк. Эң башкысы өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин сактап калдык. Ушул тапта президенттик бийликти тынчтык жолу менен, ачык жана демократиялык мүнөздө өткөн жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгына ылайык өткөрүп берүүнүн жаңы наркын калыптандырып, жаңы саясий маданиятка жол салдык", - деди.

Жаңы президент Алмазбек Атамбаевге президенттик кызматын өткөрүп жатып ал мамлекет башычыс катары "өлкөнүн өсүп-өнүгүшү үчүн бардык күчүн, билимин жана тажрыйбасын жумшай турганына, адилет, калыс жана таза жетекчи болооруна толук ишенээрин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG