Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Атамбаев: Негизги стратегиялык өнөгүбүз - Россия


"Албетте, биздин негизги стратегиялык өнөгүбүз – бул Россия", - деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кызматына киришүү сөзүндө.

Атамбаевдин айтымында, эл аралык чөйрөдө Кыргызстан татыктуу орун ээлеши керек. Тышкы саясат Кыргызстан элинин гана кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлүшү зарыл. Кыргызстан бардык өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен өз кызматташуусун мындан ары дагы өнүктүрүүгө даяр.

Жаңы президенттин пикиринде, Бажы союзуна мүчө болуу өлкөнүн өнөр жайын жандандырат, өлкө коопсуздугун бекемдейт, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы чек араларды ачат, элдин жашоо шартын жакшыртат.

"Россия жана коңшу өлкөлөр менен биздин тарых да, келечегибиз да бир!", - деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев. (RK)

XS
SM
MD
LG