Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Кара-Сууда сатылып жаткан сапатсыз дисктерге тыюу салынды


Оштун Кара-Суу базарында сатылып жаткан тарбиялык мааниси начар жана сапатсыз видео жазылган дисктерди сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясынын башчысы Төлөгөн Келдибаев «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, инспекция менен Ош аймактык кино-видео бирикмеси биргеликте өткөргөн рейд учурунда миңге жакын диск жыйналган.

«Буга чейин сатуучуларга эскертүүлөр берилген. Ошого карабай андай дисктерди сатуу улана бергендиктен, товарларын алып койгонго туура келди. Алар атайын сертификатталган дисктерди дээрлик сатышпайт. Интернеттен жаздырып эле, акча кылып жүрүшөт»,-дейт Төлөгөн Келдибаев.

Ушундай эле рейд бүгүн Өзгөндө жүрүп жатат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG