Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Атамбаев: Коррупция менен күрөшүү үчүн укугумду толук колдоном


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө "элибиздин башында кара булут болуп турган коррупция" менен күрөшө турганын айтты. Бул күрөштө өлкө башчысынын укуктарын толук бойдон колдоноорун билдирип, "сот болобу, депутат же министр болобу – мыйзам алдында баарыбыз бирдей жооптуубуз" деди.

Жетекчилерге алдын ала кайрылып, бабалардын “Ыймандуу бийде – тууган жок! Туугандуу бийде – ыйман жок!” деген сөзүн эскертти.

Кыргызстандын жаңы тарыхында алгачкы эки президентке тең эл туугандарын бийликке алып келип алганына, үй-бүлөлүк башкаруу салтын баштап алгандарына нааразы болушкан. Аскар Акаев да, Курманбек Бакиев да элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кетишкен. Бүгүн өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева бийликти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берди. (RK)

XS
SM
MD
LG