Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын президенти болушу менен кат жиберип куттуктады. Ачык, конструктивдүү, сый жана ишенүүчүлүк маанайдагы кызматташтыкка бекем ишенээрин билдирди. Атамбаевдин бүгүнкү инаугурациясына эки гана өлкөнүн президенттери - Грузиянын мамлекет башчысы Михаил Саакашвили жана Түркиянын башчысы Абдулла Гүл катышты. Орусиядан президенттин администрация башчысы Сергей Нарышкиндин келиши күтүлгөн. Бирок бул өлкөдөн Конституциялык Соттун төрагасы Валерий Зорькин баштаган делегация келип катышты. Кыргыз президенти болуп сүйлөгөн алгачкы сөзүндө Атамбаев Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөгү экенин дагы бир жолу айтты. (RK)