Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Атамбаев: Аймактык араздашуу чыгаргандарды жазалаш керек


Улуттар арасында чыр-чатак чыгаргандар менен катар аймактарга бөлүп, араздашууну пайда кылгандарды да жазалаш керек. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушуусунда айтты. Мындай норманы Кылмыш кодексине киргизүүгө аракет кылаарын билдирди. Атамбаевдин пикиринде, өлкөнүн демократиялык жолдо мындан аркы өнүгүүсүндө журналисттердин жана жарандык коомдун ролу чоң.

Атамбаев ошондой эле Отунбаеванын жүргүзгөн саясатын, баштаган иштерин улантаарын айтты. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине жана жарандык коомдун иштешине шарт түзөөрүн билдирди.

Президенттик кызматка жаңыдан киришкен Алмазбек Атамбаев бүгүн жергиликтүү жана чет элдик журналисттер менен жолугушуп, сый тамак үстүндө баарлашты. (BuS/RK)

XS
SM
MD
LG