Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

“Мусулман агайиндер” Египеттеги шайлоодо жеңет кейпи


Египеттеги парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы “Мусулман агайиндер” көпчүлүк добушту алаарын айкын кылууда. Ашынган исламчыл же салафит жолун тутунган бул кыймыл добуш берүүнүн биринчи айлампасынын жеңүүчүсү болот деп боолгонууда.

Египет парламентинин төмөнкү палатасы - Өкүлдөр жыйынына шайлоо бир нече айлампа менен өтүп, жыйынтыгы январда чыгарат. Бул өлкөнү 30 жыл башкарган Хосни Мубарак февралдагы элдик козголушка туруштук бербей бийликтен кеткенден кийин өткөрүлгөн биринчи жалпы элдик шайлоо. Мубарак заманында Египеттеги эң эски исламчыл топко тыйуу салынган. “Мусулман агайиндер” жаңы түзгөн “Эркиндик жана Адилеттик” партиясы парламенттик көпчүлүк жаңы өкмөттү чогуу курашу керек деп билдирди. Бийликтеги убактылуу Аскерий кеңеш жаңы өкмөттү өзү жарыяларын, парламентте Кеңешти таркатуу укугу жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG