Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Түштүк Осетияда саясий кырдаал курчууда


27-ноябрдагы президенттик шайлоодогу жеңиши жокко чыгарылып, кайра шайлоодон четтетилген Алла Жиоеванын тарапкерлери ордолуу Цхинвалиге чогулуп, өкмөт алдында митинг өткөргөнгө камданууда. Жүздөй адамдын көпчүлүгү эркектер экенин Орусиянын ИНТЕРФАКС агенттиги кабарлады.

БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, шайлоодо Жиоева айым Москва колдогон талапкер Анатолий Бибиловдон алда канча добуш алган. Бирок Бибиловдун “Биримдик” партиясы шайлоо учурундагы мыйзам бузууларды айтып даттангандан кийин Жогорку Сот добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Анын артынан парламент Алла Жиоева мартта болчу президенттик кайра шайлоого катышпасын деп чечкен.

Түштүк Осетия 1990-жылдардын башындагы согуштан бери Грузиянын амирин тааныбайт. Орусия 2008-жылы Грузия менен болгон согуштан соң Түштүк Осетияны эгемен мамлекет катары тааныган.

XS
SM
MD
LG