Бириккен Улуттар уюму Сириядагы окуяларды “жарандык согуш” деп атады жана анда өлгөндөрдүн саны 4 миңден ашканын кабарлады. Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллай чынында соңку сегиз айдан берки репрессияда өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн деди. Анын айтымында, өкмөттүк аскерлердин ичинде оппозицияга өткөн дезертирлердин саны арткан сайын президент Башар ал-Ассаддын режими чыныгы жарандык согуш коркунучу алдында калууда.
Ал арада Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Сириянын энергетика, банк системасы, соода-сатык жана каржы тармактарына каршы санкция күчөтүлгөнүн кабарлашты.
Ал арада Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Сириянын энергетика, банк системасы, соода-сатык жана каржы тармактарына каршы санкция күчөтүлгөнүн кабарлашты.