Кыргызстан дагы эле дүйнөдөгү эң коррупцияланган өлкөлөрдүн катарында калууда. Мындай тыянакка эл аралык Transparency International уюму жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында келишкен. Изилдөөгө катышкан 182 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 164-орунду ээледи. Былтыр да ушундай эле позицияда болчу. Изилдөө мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлин аныктайт.
Кечээ мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кызматка киришип жатып сүйлөгөн сөзүндө коррупцияга каршы күрөшүү үчүн болгон укугун пайдаланаарын айтты.
Коррупция анча өнүкпөгөн өлкөлөрдүн башында Жаңы Зеландия, Дания жана Финляндия турат. Ал эми эң коррупцияланган өлкөлөрдүн тизмесин Сомали жана Түндүк Корея баштайт. (RK)