Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды


Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн таңга жуук, саат 06:24тө очогунда 4 балл болгон жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Балыкчы шаарынан 13 чакырым түндүк-чыгышты карай, Бишкек шаарынан 150 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Силкинүүнүн күчү Сары-Камыш, Тору-Айгыр айылдарында 4 балл, Балыкчы шаарында 4 балл, Чырпыкты, Орто-Токой, Өттүк айылдарында 3 балл болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG