АКШ президенти Барак Обама Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди кызматка киришкени менен куттуктады. Кыргыз президентине жолдогон катында ал "Сиздин мамлекет башчы болуп шайланганыңыз өлкөдөгү демократияны бекемдөө үчүн эл менен бирге жасаган оор, бирок ийгиликтүү кадамдарыңарды жыйынтыктайт" деди.
АКШ президентинин пикиринде, Кыргызстандын мисалы бүткүл дүйнө жүзүнө адам эркиндиги жана ар-намысын коргоочулар үчүн үлгү боло алат. Америка элинин атынан Обама кызматташтыкты мындан ары да улантууга дилгир экенин айтты.
Атамбаевдин инаугурациясы 1-декабрда өттү. Ага АКШнын атынан мамлекеттик катчынын жардамчысы Роберт Блейк катышты. (RK)