Орусиядагы парламенттик шайлоо тууралуу теледебатка саясий жаткан активтүү блоггер жана оппозициялык “Яблоко” партиясынын мүчөсү Ирек Муртазинди киргизбей коюшту. Ал “Азаттыктын” татар-башкыр редакциясына айтканына караганда, күзөтчүлөр тизмеден анын ысмын таба албай коюшкан. Муртазинди ошол эле имаратта жайгашкан “Татарстан - Жаңы кылым” деген телеканалга да киргизишкен эмес. Ал өзү мында “саясий себеби бар” деп, мунун баарынын артында “Татарстан - Жаңы кылым” каналынын директору, бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү Илшат Алимов турат дейт. Активист бул боюнча арыз менен шаардык полицияга кайрылганын кошумчалады. Орусияда шайлоо ушул жекшембиде өтөт.