Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Акыйкатчы спикер боюнча президентке кайрылат


Акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековду кызматтан кетирүүсүн жана парламенттеги коалициянын таркатылышын талап кылып президент Алмазбек Атамбаевге кайрылат. Бул тууралуу ал бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Акундун айтымында, анда буга чейин "Ата Мекен" фракциясы Келдибеков боюнча жарыялаган сын пикирлерден тышкары да анын ишмердүүлүгүн терс мүнөздөгөн факттар бар. "Келдибеков кызматтык абалынан пайдаланып кеңешчиси Султановдун Ветеринардык департаментке жетекчи болушуна жардам берди, маалымат катчысын кызматка мыйзамсыз алды, жеңесин "Манас" университетине проректор болуусун талап кылды", - деп билдирди Акун.

Ушул аптада Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясы да Келдибековдун ишмердүүлүгүн катуу сындап, аны төрага кызматынан бошотуу жөнүндөгү маселени жалпы жыйындын кароосуна чыгарыш керек деген.

Ахматбек Келдибеков өзү боюнча айтылган дооматтарга пикирин билдирип, анын баары негизсиз экенин айткан. Маалымат катчысы Асель Алиева "Азаттыкка" маегинде Келдибеков ага карата айтылган сөздөр боюнча сотко кайрылаарын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG