Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Аба ырайы: 3-декабрда мезгил-мезгили менен кар түшөт


Шашылыш билдирүү
Декабрдын 2синен 5ине чейин кардын жаашына жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү болот жана муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы асфальт жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо, кар көчкү жүрүүчү аймактарда түнкүсүн жолго чыкпоо сунуш кылынат.

Аба ырайы
3-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3,
Талас облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7 градус, күндүз -1...+4,
Нарында түнкүсүн -7...-12, күндүз -4...-9.
Тоолордо түнкүсүн -12...-17 градус, ал эми күндүз -4...-9.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Туман түшүшү мүмкүн. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 2-7 м/с.

Абанын температурасы түнкүсүн 3...5 градус суук, күндүз 0...2 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG