Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:19

БУУ дүйнөлүк экономикалык рецессия кайталанат деп кооптонот


Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык иштер боюнча департаменти - ДЕСА дүйнө дагы бир чоң экономикалык кризиске баратканын эскертти.

ДЕСА жаңы жарыяланган изилдөөсүндө 2012-жылы дүйнөлүк экономика 2,6 процентке өсөт деп боолгойт. “Бул дүйнөлүк экономика экинчи рецессияга кабылганы турганынын жышаанасы,”-деди БУУнун экономикалык кеңешчиси Йомо Кваме Сундарам. 2010-жылы бул көрсөткүч төрткө барабар эле.

Докладда экономикалык өсүшкө Европадагы насыя кризисине катар өнүккөн өлкөлөрдө катаал фискалдык чараларды кабыл алуунун кечеңдеп жатканы да тоскоол болуп жатканы көрсөтүлөт. Ал эми өнүгүү жана өткөөл жолундагы өлкөлөрдүн экономикасы келерки жылы орточо 5,4 пайызга өсүп, глобалдык өсүшкө олуттуу өбөлгө болору белгиленет. Өнүккөн өлкөлөрдүн ички дүң жыйымы эмки жылы 1,3 пайызга гана өсөт деп болжолдонот ДЕСАнын изилдөөсүндө.

XS
SM
MD
LG