Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:04

«Азаттыктын» кабарчысынын сабалышы боюнча иликтөө иштери уланууда


«Азаттыктын» Таластагы кабарчысы Мирбек Айтикеевдин сабалышы боюнча иликтөө иштери уланып жатат. Бул иш Ички иштер министрлигинин жана Талас облустук милициясынын көзөмөлүндө. Мирбек Айтикеев 30-ноябрга караган түнү бейтааныш 5 жигиттен таяк жеген. Мээси чайкалып, учурда ооруканада жатат. Өзүнүн айтуусу боюнча, аны мас абалындагы бейтааныш кишилер таяктап кетишкен. Айрым маалымат булактары ички иштер министрлигине шилтеме жасап, Айтикеев аны сабагандар менен чогуу ага чейин ичкилик ичкен деп жазышкан. “Бирок бул сөз чындыкка жатпайт. Алардын эч кимисин тааныбайм. Мен дүкөндөн чыгып келатканымда алар мага кол салышты.Үч күндөн бери эч кимиси келип көрсөтмө алган жок. Бүгүн гана тергөөчү келип суроолорун берип кетти.”, - дейт Айтикеев. (BuS/RK)

XS
SM
MD
LG