Евробиримдик бекем тартиптүү фискалдык союзду түзүүгө багыт алды.
Германия канцлери Ангела Меркел бүгүн немис парламентинде сүйлөп, Европадагы насыя кризиси орток акча еврого коркунуч туудуруп жатканын белгиледи жана Биримдик бекем тартиптүү фискалдык союзду түзүүнү көздөй баратканын айтты:
- Биз Брюсселге бир максат менен барганы жатабыз. Биз келишимге өзгөртүү киргизүүнү каалаганыбызды баса белгилейм. Ал үчүн евроөлкөлөр менен евромейкиндикке кирген өлкөлөр ортосунда ажырымдын болушуна жол бербегенге ынтызарбыз.
Евробиримдиктин локомотиви саналган Германия жана Франциянын лидерлери орток сунуштарын Биримдиктин 9-декабрдагы саммитинде ортого салат. Грекия, Италия жана башка өлкөлөрдү борч кризиси еврону кунсуз акчага айланат деген коркунуч күчтүү болууда.