АКШ вице-президенти Жо Байден Түркияны Иранга каршы жаңы санкция киргизүүгө чакырды. Катаал чара "Ирандын ядролук активдүүлүгүн токтотуу үчүн зарыл", дейт Жо Байден Түркиянын “Хурриет” гезитине бүгүн жарыяланган маегинде. Ал ошол эле мезгилде Кошмо Штаттар Ирандын ядролук программасы боюнча тирешүүнү дипломаттык жол менен жөндөөнү колдоорун белгилейт.
Батыш мамлекеттери Иран ядролук куралдын үстөнөн иштеп жатат деп шектенүүдө. Ирандын ырасташынча, ядролук программа тынчтык максатын гана көздөйт. БУУ 2010-жылы 9-июлда Иран уранды ядролук курал жасоо үчүн байытууда деп, Тегеранга каршы мурдагы санкциясын дагы катуулаткан. АКШ жана Евробиримдик Иранга кошумча дагы санкция жарыялаган.