Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

"Ата Журт" Акматбек Келдибековго ишеним көрсөтөт


"Ата Журт" фракциясы "Ата Мекен" фракциясынын Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө демилгесин колдобойт. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган фракциянын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

Абдылдаевдин маалымдашынча, "Ата Журт" фракциясынын мүчөлөрү төраганын дарегине "Ата Мекен" коюп жаткан айыптоолорду негизсиз деген эсептейт.

- Мындан улам "Ата Мекен" фракциясы Акматбек Келдибековдун дарегине айтылган дооматтарды далилдей турган факттарды беришин талап кылдык. Эгер бизге далилдүү факттарды беришсе, ага жараша өз пикирибизди билдиребиз. Болбосо "Ата Мекендин" учурдагы айыптары куру доомат бойдон калууда.

30-ноябрда "Ата Мекен" фракциясынын мүчөлөрү парламент төрагасы Акматбек Келдибековду "кызмат абалынан ашкере пайдаланат", "мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабайт" деген айыптарды коюп, ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөргөн эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG