4-декабрда өтө турган Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн Кыргызстандагы орус жарандары Бишкектеги Орус драма театрында ачылган шайлоо бекетинде добуш беришет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин 1-катчысы Виктор Харченко билдирди.
Харченко Кыргызстандагы Орусиянын жарандарынын так саны белгисиз экенин, ошондуктан добуш берүүгө канча адам келсе да шайлоо өттү деп санааларын кошумчалады:
- Орусиянын мыйзамдарына ылайык, консулдук каттоого туруу шарт болуп саналбайт. Ошондуктан канча шайлоочунун добуш бере турганы боюнча бизде так маалымат жок.
Орусияда 4-декабрда өтө турган Мамлекеттик Думанын шайлоосуна 7 саясий партия катышууда.