Кыргызстандагы кескин өзгөргөн аба ырайынын улам өлкөдөгү айрым унаа жолдору түнкүсүн убактылуу жабылды. Мындай маалыматты өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.
Бекиловдун айтымында, кар көчкү коркунучунан улам 2-декабрдан 5-декабрга чейин Ош облусундагы Мырзаке – Каракулжа – Алайкуу, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Киров, Ысык-Көл облусунун Түп – Кеген унаа жолдору кечки саат 6дан эртең менен саат 8ге чейин жабык болот.
Муну менен катар премьер-министрдин буйругуна ылайык, Бишкек-Ош жолундагы айдоочуларга 500 метрлик аралыкты сактоо милдеттендирилди.