Мурдагы Югославия боюнча трибунал Ратко Младичке коюлган айыптардын санын кыскартты. Сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырып, 196 айыпты 106га чейин кыскартты. Мындай чечим босниялык сербдердин командири Ратко Младичтин ден соолугу менен байланыштуу чыкты.
Ноябр айында Младич медициналык кароодон өткөн, 6-декабрда сот отурумуна келет. Ал 1990-жылдары Сараеводо жергиликтүү мусулмандарды курчоодо кармаган, 1995-жылы Сребреницада 8 миң мусулман эркек менен жаш балдарды кырган геноцидге тиешеси бар деп айыпталууда.
Младич 16 жыл мыйзам алдында жооп берүүдөн качып жүрүп, ушул жылдын май айында Сербияда кармалган.