Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Орус жарандары Мамдума шайлоосуна добуш берүүдө


Кыргызстанда жашаган Орусиянын жарандары өлкө аймагында ачылган шайлоо бекеттеринде добуш беришүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Виктор Харченко билдирди.

Харченконун маалымдашынча, Кыргызстандагы Орусиянын жарандары өлкөнүн Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында ачылган шайлоо бекеттеринде добуш берип жатат.

- Калктын активдүүлүгү өтө жогору. Бишкектеги орус драма театрында ачылган шайлоо бекетинде кезек күтүп калган учурлар да болуп жатат, - деп билдирди Харченко.

Кыргызстандагы орус жарандарынын добуш берүүсү кечки саат сегизге чейин уланат. Орусиядагы парламенттик шайлоого 7 саясий партия катышууда.

XS
SM
MD
LG