Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Чек ара бекетинин башчысына кылмыш иши козголду


Аламүдүн райондук прокуратурасы «Васильевка» чек ара бекетинин башчысы М. Рга кызмат абалынан ашыкча пайдалануу жана жарандарды кыйноо айыбынын негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 18-октябрда Аламүдүн райондук прокуратурасына М. Рнын үстүнөн арыз келип түшкөн. Арызда чек ара бекетинин башчысы 1993-жылы туулган И.Р. жана 1995-жылы туулган С.Э. аттуу жеткинчектерди үйүнүн терезесин сындырды деп айыптап, электрошок менен кыйнаганы айтылган.

Жеткинчектердин алган жарааттары соттук-медициналык экспертизанын негизинде аныкталды жана учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG