Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Алматы облусунда 5 террорчу деп шектелген адам жок кылынды


Казакстандын Алматы облусундагы атайын операция маалында террорчу деп шектел 5 киши жок кылынып, атышууда Улуттук коопсуздук комитетинин 2 кызматкери окко учту.

«3-декабрда кечки саат 7ден 30 мүнөт өткөндө Алматы облусунун Илий районундагы Боролдой кыштагында оор кылмыштарга шектелген адамдарды кармоодо алар курал менен каршылык көрсөткөн», - деп айтылат казак башкы прокуратурасынын атайын билдирүүсүндө.

Башкы прокуратуранын өкүлү Нурдаулет Сүйүндүков экстремиттик топтун мүчөлөрү өз эрки менен баш ийбегендиктен ок атышуу болуп, алардын бардыгы өлтүрүлгөндүгүн журналисттерге такстыктады.

Прокуратуранын маалыматы боюнча жоочулар Алматы калаасында жаңы террактык чабуулдарды ишке ашырууну пландап жаткан.

31-октябрда Казакстандын батышындагы Атырау шаарында жанкечти удаа-удаа эки жардырууну ишке ашырган. Май айынын этегинде Коопсуздук комитетинин Астанадагы баш кеңсесинин тергөө абагынын жанында авто унаа жарылып, эки киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG