Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Ооганстандын келечеги Бонндо талкууланат


Бүгүн Германияда Ооганстандан 2014-жылы НАТОнун күчтөрү чыгып кеткенден кийинки коопсуздукту камсыздоого арналган эл аралык жыйын болот. Бонндогу жыйынга 85 мамлекеттен жана 16 эл аралык уюмдун өкүлдөрү, анын ичинде Ооган президенти Хамид Карзай, АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон, Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи катышат. Бирок Пакистан 24 аскери НАТОнун чабуулунда өлгөнгө байланыштуу Бонндогу конференцияга баруудан баш тартты.

Президент Карзай немистердин “Spiegel" жумалыгына берген интервьюда Ооганстанга полиция, армия жана өкмөттүк мекемелерди куруу үчүн 2024-жылга чейин чоң каражат керек деди. Ал Пакистанды талиптер менен жарашууга жардамдашпайт деп сындады.

XS
SM
MD
LG